Кутудагы каталар

Асман шаарынын курулушундагы кутудагы: “Бул жерге 2023-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров курулушун баштап жатып, келечек муундарга кайрылуу катары мезгил кутусун салган.

Мезгил кутусу 2123-жылдын 30-июнунда ачылсын”, – деп жазылган.

журналист Сымбат Максутова:

—  Ушул мезгил кутучасын 100 жылдан кийин ачылсын деп Президент Садыр Жапаров изги тилек менен өзү цемент менен чаптады. Эми караңыздар, ушул кыска текст да ката. Асман шаарын тырмакчага алышкан. Качан айыл, шаар, район, облус аттары тырмакчага алынчу эле? 100 жылда миллиондогон адамдар көрө турган таштын үстүндөгү бул жазууну оңдоп койгула туугандар, – деп талкууга дем таштаган.

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Жылдыз Медералиева:

— Бүгүн мына  ушундай жаңылык окудум. Мезгил кутусу, 2123-жылдын 30-августунда ачылсын. Ошондо 120 жылдан кийин ачылабы? Бир кылымдан ашык убакыт кетет экен? Же мен туура эмес түшүнүп жатамбы? Текстте тыныш белгилер боюнча да ката бар. Ким кандай түшүндү? – деген пикир калтырган.

re Кутудагы каталар