Айбек Алыбаев: Роналдиньонун келбей калышына эч кимдин күнөөсү жок

«Барселона» клубунун Кыргызстандагы академиясынын президенти Айбек Алыбаев Роналдиньо Кыргызстанга келбей турганынын себебин түшүндүрдү.

Айбек Алыбаев журналисттерге бул тууралуу комментарий берип, бул маалыматты тастыктады.

Ал буга чейин Роналдиньо түз байланышка чыгып, клуб менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Ал эл аралык басылмалардан Роналдиньону үйүнөн күч түзүмдөрү кармап, паспортун алып коюшканын укканын айтып, азыр ал байланышка такыр чыкпай жатканын кошумчалады.

Алыбаев башка «Барсанын» легендалары да чоң майрам тартуулап жатканын айтып, Роналдиньонун келбей калышына эч кимдин күнөөсү жок деп эсептейт.

Эске салсак, 30-августта Бишкектин Д. Өмүрзаков стадионунда Барселонанын легендалары менен президент Садыр Жапаров коштогон Азиянын ардагерлери футбол ойнойт.