Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракетин айыптады

Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракетин айыптап, бул кадамды Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн уландысы катары баалады. Уюмдун кайрылуусу 30-августта сайтына жарыяланды.

«Клооп медиасына каршы сот иши Кыргызстандагы ЖМК эркиндигине жана сөз эркиндигине каршы соңку кол салуу, мунун баары өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болгон статусуна туура келбейт ”, — дейт Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Ал кыргыз бийлиги басылмага каршы доо арызын кайтарып алып, өлкөдөгү көз карандысыз медиаларды куугунтуктоону токтотушу керектигин белгилеген.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу боюнча арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.