«Вечерний Бишкектин» Kaktus.mediaнын үстүнөн жазган арызы сотто каралууда

Бүгүн, 28-февралда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media сайтынын үстүнөн жазган арызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Отурумга судья Жылдыз Сайдылдаева төрагалык кылууда.

Маалым болгондой, сайтты сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон. Коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзөт.

Анын 25 млн сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынууда. Калган 25 миллионду басылманын өзүнөн өндүрүү талабы айтылган.

Жабык акционердик коом макалада басылма жабылары жана банкротко учураганы тууралуу туура эмес маалыматтар берилген деп эсептейт.

“Макалада басылма 2023-жылдын 1-январынан тарта жабыла турганы жазылган. “Вечерний Бишкек” жабылбай эле ишин улантып жатат, жоюулуу алдында турган жок. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деп эсептейбиз», — деди «Вечерний Бишкектин» директору Жумабеков.

Ал эми жактоочу Акмат Алагушев төмөндөгүлөрдү билдирди:

-Буга чейин алдын ала угуулар болгон. Бүгүн соттук процесс башталды. Отурумда арыз берген тарап өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки соттук отурум 16-март саат 10:00гө белгиленди,-деди Алагушев.

334233943 214488207739242 3952031502762331606 n 1536x1152 1 «Вечерний Бишкектин» Kaktus.mediaнын үстүнөн жазган арызы сотто каралууда