Курманкул Зулушев Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча: “Ал арыз менен кайрылса, сөзсүз түрдө каралат”

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жеке пикир келишпестик жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-январдагы маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иштери кылмыштын белгилери бар деген негизде козголуп, тергелип жаткан.

“Бейшеналиев бир нече жолу массалык маалымат каражаттарына кайрылды. Бирок, биз аларга жооп берген жокпуз. Ошого карабастан иштин жыйынтыгы адилеттүү болсун деп иштин бардыгын Ички иштер министрлигине өткөрүп бергенбиз. Алар тергөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында алар кылмыштын курамы жок деп табышты. Биз алардын чечими менен макул болдук”, — деди Зулушев.

Башкы прокурор Алымкадыр Бейшеналиевге “иш козголуп, кийин кайра жабылып калгандыктан, прокурорлор жазаланабы?” деген суроого жооп берип жатып, “Эгерде Алымкадыр Бейшеналиев укугу бузулганы боюнча арыз менен кайрылса, алар сөзсүз түрдө каралат”, — деп билдирди.

Эске салсак, 2022-жылдын июнь айынын башында Алымкадыр Бейшеналиев жети эпизод боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу саламаттыкты сактоо министри кызматынан кеткен. Ал СИЗОго киргизилген, бирок 16-июнда сот аны үй камагына чыгарган.

16-августта айыпталып жаткан Бейшеналиевге козголгон иш кылмыштын белгилери табылбагандыктан токтотулган. Кеп COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу жөнүндө болуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу калган алты кылмыш иши боюнча учурда Ички иштер министрлиги тарабынан айтылгандай, тиешелүү процессуалдык аракеттер көрүлүүдө.