“Медиктер урушкан видео”: Гүлзат Маймерова өзүнүн кызын жумуштан кетирди

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова өзүнүн кызын жумуштан кетирди. Ага аталган ооруканадагы медицина кызматкерлеринин урушу себеп болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Буга чейин социалдык тармактарда медиктер урушуп жаткан видео тараган. Маймерова бул окуя өткөн жылдын соңунда болгонун жана видеодо ЛОР бөлүмүнүн кызматкерлери экенин билдирген. Ошондой эле урушуп жаткандардын бири анын кызы экенин тастыктаган.

«Аны жумушка алууга бөлүм башчы жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сунуштаган. Мен ага каршы болчумун», – деген Маймерова.

Эске салсак, буга чейин Facebook социалдык тармагына Азамат Мамбетов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун чуулуу медицина кызматкерлери тартылган видеону жарыялаган. “Кыйкырып жаткан кыз борбордун директорунун кызы. Ал жерде дарыгер болуп иштейт”, — деп жазган ал.

Мындан кийин видео бир жыл мурда тартылганы маалым болгон.

YouTube video