Аида Касымалиева БУУнун трибунасынан өзүнүн кызын көрсөткөнү сынга алынды

Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өзүнүн кызын көрсөттү. Бул тууралуу аталган уюмдун Твиттердеги баракчасына жарыяланды. Сүрөт Дипломатиядагы аялдар күнүнө карата тартылган.

Twitterдин колдонуучулары Аида Касымалиеванын сүрөтүнүн алдына сын иретиндеги комментарийлерди жазышкан, бирок БУУнун жаңылыктар кызматы аны жашырып койгону талкуу жаратууда.

Касымалиева 2021-жылы бул кызматка Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

39 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары, 2017-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болгон. Твиттердин колдонуучуларына Касымалиеванын мурдагы басып өткөн жолун жана учурдагы жасаган иштерин сынга алышууда.

image 19 Аида Касымалиева БУУнун трибунасынан өзүнүн кызын көрсөткөнү сынга алынды
image 20 Аида Касымалиева БУУнун трибунасынан өзүнүн кызын көрсөткөнү сынга алынды
image 21 Аида Касымалиева БУУнун трибунасынан өзүнүн кызын көрсөткөнү сынга алынды