Санрабия Сатыбалдиеванын үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалып, кайра кош бойлуу экендигине байланыштуу кое берилген.

Учурда  кош бойлуу журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилген. Анын алдында дагы милициядан оорукагана жеткирилип дарыгерлер “боюнан түшүп калуу коркунучу бар”,- деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.

Ал арада Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбук баракчасы  аркылуу билдирүү жазып, кош бойлуу журналист айымдын камалышы мыйзамга туура келбестигин белгилейт. Ал эми оператор Калыс Ашырбаевди таап жолукканга аракет көрүлүп жатканын белгилеген.

Ал эми Ички иштер министрлиги азырынча журналист менен оператордун камалганы тууралуу комментарий бере элек. Журналист эмне үчүн кармалганы белгисиз.

Санрабия Сатыбалдиева деген ким?

Санрабия Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап, “Мир24” сайтында иштеп келет. Ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Ал  социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.