Опузалап талап кылуу фактысы боюнча «МИР24.kg» маалымат порталынын директору кармалган учурдагы видеосу

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына ИИМден билдиришти.

  Жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

2022-жылдын 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде шантаж кылуу менен талап кылган бир катар адамдар кармалды.


Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору “С.С.К.” болуп саналат.
Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору “Б.у.К.” кармалды.
Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

WhatsApp Image 2022 11 04 at 09.57.55 Опузалап талап кылуу фактысы боюнча «МИР24.kg» маалымат порталынын директору кармалган учурдагы видеосу
9c992eac d7ea 49ef 8e07 536aa92127e0 Опузалап талап кылуу фактысы боюнча «МИР24.kg» маалымат порталынын директору кармалган учурдагы видеосу
YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы