Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына О.С. аттуу жаран “Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын” жетекчилигине, ошондой эле жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы М.Ш. жана башкалар “көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жолу жана опузалоо менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатат”, – деп, чара көрүп берүүнү суранып кайрылган.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери опузалап пара алуу боюнча кылмыш иши козголгон.
“2023-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Раззаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык жер-суу-көзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р, ошол эле министрликтин жер-суу-көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Ш. кармалышкан”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![6b949b2a 2df1 4ff9 b31e 7b4776c49d6d ИИМ: Опузалап пара талап кылуу менен Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/6b949b2a-2df1-4ff9-b31e-7b4776c49d6d.jpeg)
![f3c955f2 7261 4339 a9ee b4caf912502f 1 ИИМ: Опузалап пара талап кылуу менен Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/f3c955f2-7261-4339-a9ee-b4caf912502f-1.jpeg)
![f57a1066 2f07 4a7a 82d4 52b9d9509e79 ИИМ: Опузалап пара талап кылуу менен Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/f57a1066-2f07-4a7a-82d4-52b9d9509e79.jpeg)
![0c1ca630 33e3 4fa6 912a 691885c255cf ИИМ: Опузалап пара талап кылуу менен Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/0c1ca630-33e3-4fa6-912a-691885c255cf.jpeg)