Аксы районунда жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 10-август күнү саат 13:30 чамасында Аксы районунун Мазар айылынын тургуну Н.Т. 13 жаштагы эркек бала ошол эле райондун  Кум айылындагы чоӊ агын  суу каналына  балдар менен ойногону барып, сууга киринүү максатында  секирип түшүп агып кеткен.

Бул окуя Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук каттоо журналына  “кокустук” деп катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.