Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалган.


Тактап айтканда, 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 04-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.


Аталган маалымат 2023-жылдын 06-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 177-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 2023-жылдын 27-апрель күнү Карасуу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6-сотка жерине Куттубек аттуу атуул «Менин чегим»-деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, куч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республиккасынын кылмыш жаза кодексинин 212-бер. 1-бөл. негизинде сандуу кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 2023-жылдын 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Карасуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.