Он күн ичинде Бишкекте жол эрежелерин одоно бузган 5594 эреже бузуучулар аныкталды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын август айынын 04-күнүнөн 13-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5594 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • -32 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • -132 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
  • -26 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
  • -61 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
  • -2810 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • -370 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
  • -727 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • -567 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • -1436 башка бузуулар;
  • -795 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.

  • “Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз”, – деп айтылат маалыматта.