ВИДЕО: Караколдо туристтер аркан жолдогу отургучтан кулап кетишти

Карколдогу “Каприз” эс алуу борборундагы аркан жолундагы отургучтардын биринен туристтер кулап кетишкен. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Окуя 5-августта болгон.

“Органдагылар качан иштей баштайт? Эч кандай коопсуздук сакталбай жатат”, деп жазышты окуга күбө болгондор.