Мэрия 1-сентябрдан тарта айдоочулардын айлыгын 40 миң сомдон бир аз гана жогору көтөрө алат

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

Нааразы болгон айдоочуларга Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жолукту. 

Анын айтымында, муниципалитет 1-сентябрдан тарта айдоочулардын айлыгын 40 миң сомдон бир аз гана жогору көтөрө алат.

“Азыр менин башымды кесип алсаңар дагы айлыгыңарды көтөрө албайм. Ачыгын эле айтып коёюн. 1-сентябрдан тарта айлыгыңарды 50 миңге чейин көтөрөбүз. Колуңарга 40-42 миң сом аласыңар. Эки айдан кийин дагы карап чыгабыз. 

2-3 ай чыдап, бизди түшүнүп коюңуздар”, – дейт ал. 

Эске салсак, бүгүн Бишкектеги троллейбустун айдоочулары иш ташташкан. Алар айлыгын 60-70 миң сомго чейин көтөрүп берүүнү талап кылышкан. 

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук , “Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.