“Дордойдун” жанына дагы бир базар куруу пландалууда

Бишкектин четиндеги “Дордойдун” жанына дагы бир базар куруу пландалып жатканын калаа мэриясынан билдирди.

Муниципалитет менен жеке компания аталган долбоор боюнча макулдашууга кол койду.

Жаңы комплекс Хвойная көчөсүндө жайгашкан “Бишкекасфальтсервис” мамлекеттик ишканасынын аймагына курулат. Мэрия бул ишкананын ишмердүүлүгү жакын жердеги конуштардын жашоочуларына терс таасирин тийгизгенин, ал башка жакка көчүрүлөрүн айтты.

Базарды курууга камынган компания “Бишкекасфальтсервис” үчүн жаңы имарат куруп, атайын техника менен камсыз кылууга милдеттендирилди. Долбоор аяктагандан кийин жеке компания жер участогун ага курулган комплекс менен кошо мэриянын балансына өткөрүп берет. Ошондой эле инвестор жыл сайын шаардык бюджетке акы төлөп турат.

Компания заманбап инфраструктурадагы базарды, ага кирүүчү транспорттук байланышты жана 1000ге чейин жумуш орундарын түзүүгө милдеттендирилди.