АКШнын президенттигине талапкер шайлоодо жеңип чыкса, үчүнчү дүйнөлүк согушка жол бербөөгө убада кылды

АКШнын президенттигине талапкери Вивек Рамасвами шайлоодо жеңип чыкса, үчүнчү дүйнөлүк согушка жол бербөөгө убада берди. Бул анын тышкы саясий программасынын үч пунктунун бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Рамасвами Кытай менен Тайвандан экономикалык көз карандысыздыкка жетүүнү көздөйт. Үчүнчү пункт, анын айтымында, АКШнын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана союздаштары менен бирге келечекке көз карашын бөлүшүү.

Саясатчы Кытайдын Тайванга ыктымал басып кириши анын тышкы саясатында “ийгиликсиздикти” билдирерин баса белгиледи. Ал өзүн алдыдагы шайлоодо окуялардын мындай өнүгүшүнө жол бербөө үчүн иш планын белгилеген жалгыз талапкер деп атады.

Анын пикиринде, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал украин жаңжалы менен байланыштуу.

“Россия менен Кытай бири-бири менен аскердик союзда. Мен Украинадагы жаңжалды Россиянын Кытай менен аскердик өнөктөштүгүнөн чыгуусун талап кыла тургандай кылып токтотмокмун”, – деген саясатчы мындай учурда Кытайдын лидери Си Цзиньпинге кыйыныраак болорун баса белгиледи.

Буга чейин Рамасвами эгер АКШнын башчылык кызматына келсе, Украинаны НАТОго киргизбей турганын билдирген. Ошол эле маалда ал буга жооп кылып, “Россия Кытай менен аскердик кызматташтыгын токтотуп, Калининграддан өзөктүк куралын чыгарып, Батыш жарым шардагы аскерий катышуусунан баш тартат” деп күтүүдө.