Бишкек мэриясы коомдук транспортторго болгон жол кирени кайра көтөрүүнү кароодо

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторго болгон жол кирени кайра көтөрүүнү ойлонуп жатат. Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча билдирүү муниципалитеттин сайтында жарыяланды.

Документ сунуш кылынган ченемдик укуктук актыларды чечүүгө багытталган көйгөйлөрдү сүрөттөйт:

• Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жүрүү үчүн учурдагы тарифтер өсүп жаткан эксплуатациялык чыгымдардын шартында жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаттарын жана жеке ташуучуларды зарыл болгон каражаттардын көлөмүн камсыз кылбайт жана натыйжада автотранспорт каражаттарын оперативдүү оңдоону, техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө жана стандарттык мөөнөткө ылайык шиналарды өз убагында алмаштырууга мүмкүн болбой жатат;

• коомдук транспорттун рентабелсиздигинен улам кыймылдуу курамды жаңыртуу мүмкүн эместиги;

• транспорт карталарын колдонуу менен Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жол кире акысын жөнгө салууда ажырымдын болушу.

Мэрия бул көйгөйлөрдү Бишкек шаарындагы коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жол кире акысын жогорулатуу менен, эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляцияны эске алуу менен чечсе болот деп эсептейт.

Сунуш кылынган регламенттин күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо:

• эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляцияны эске алуу менен муниципалдык жана жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу;

• кыймылдуу курамды өз убагында тейлөө, ошондой эле кыймылдуу курамды жаңылоо;

• ишканалардын жана ташуучулардын кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу жана кадрлардын алмашуусун кыскартуу.

Мүмкүн болгон терс таасирлерди баалоо: терс таасирлер күтүлбөйт, деп билдирет мэрия.

Эске сала кетсек, январь айында мэрия тарифтерди көтөрүүнү сунуштаган. Бирок март айында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров социалдык түйүндөрдө жарандардын нааразычылыгынан улам азырынча бул маселени көтөрбөй туруу чечими кабыл алынганын, бирок тарифтер этап менен көтөрүлөрүн билдирген.