Коомдук транспортто кармалган чөнтөкчүлөр эми каракчылыкка шектелүүдө

Коомдук транспортто уурулук кылып жаткан жеринен кармалып, андан кийин каршылык көрсөткөн чөнтөкчүлөр каракчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

12-августта интернетте коомдук транспорттун салонунда белгисиз буюм менен куралданган бейтааныш адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Мындан тышкары, 10-августта жаран бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Арызында көрсөтүлгөн күнү саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң, баласына жаракат келтиргенин билдирген.

10-августта жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, арызында 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, белгисиз буюм менен согуп-урууга аракет кылышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Алар 1994-жылы туулган К.Ж, 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К., жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экени аныкталган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми шектүү 2006-жылы туулган жаранды камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына тандалган.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган.

photo 2023 08 15 09 03 07 Коомдук транспортто кармалган чөнтөкчүлөр эми каракчылыкка шектелүүдө
photo 2023 08 15 09 03 08 Коомдук транспортто кармалган чөнтөкчүлөр эми каракчылыкка шектелүүдө
photo 2023 08 15 09 03 08 2 Коомдук транспортто кармалган чөнтөкчүлөр эми каракчылыкка шектелүүдө
photo 2023 08 15 09 03 09 Коомдук транспортто кармалган чөнтөкчүлөр эми каракчылыкка шектелүүдө