“Жаңы турдуңарбы?”: Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды урушту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды урушту. Бул тууралуу видео министрдин Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Ал курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон.

«Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштери кечеңдеп жаткандыктан эртең мененки саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым», — деп жазды министр.

Ошондой эле Текебаев жумушчуларга ишти эрте баштоо керектигин айтып, урушкан.

«Кана ишти баштаганыңар? Бир дагы техника чыга элек. Жаңы турдуңарбы? Асфальтты алыңарга жараша сыйрыбайт белеңер! Баарын алып салып ыңгайсыздык жаратып жатасыңар. Бүт чаң!Иштегиле! Жумушту саат 6:00дө баштагыла», — деди министр