Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт

“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

— 21, 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Садырбаев — Абдрахманов — Асылкеч — Жайыл-Баатыр — Арча-Бешик — Жайыл-Баатыр — Чортеков — Эр Тайлак көчөлөрү менен чектешкен аймактарга таза суу берилет;

— 22, 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Репин — Жайыл Баатыр — Чортеков — Күйүкова — Чортеков — Кең-Суу — Камбар -Ата — Арча-Бешик — Кызыл-Суу — Ак-Марал, Репин-Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга суу берилет;

— саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин: Күйүкова — Муромская — Арча-Бешик 21-көч. — Көпүрө базары — Ахунбаев — Кызыл-Суу — Ак-Марал — Шералиев — Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.