Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23 — августта саат 10:00 — 21:00 чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

Абаканов көчөсү –Дэн Сяопин проспектиси – Кустанай көчөсү –темир жол тилкеси;

Кустанай көчөсү – Волков көчөсү – Садыгалиев көчөсү — Дэн Сяопина проспектиси.

Ичүүчү суу «Киркомстром» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.