Суу рейди: 760 бузуу аныкталды

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күндүзгү убакта ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугарууну аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айынын башынан 14-июлуна чейин 174 997 абонент текшерилген. Анын ичинен 172 миң 494 үй  жана 1503 башка керектөөчүлөр. Жыйынтыгында 760 бузуу аныкталды.

— шаар боюнча  — 178 үй;

— конуштарында — 447 үй;

— уюмдар — 135.

Арча-Бешик конушунда 11-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 50 үйдө бузуулар катталган. Бул үйлөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилип, ошондой эле ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча 1381 турак үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.