Чүйдө эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга агып кеткен

Чүйдөгү эс алуучу жайда апасы наристеси менен сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган суу жээгине издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, жардамга 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында, куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгү табылган.

Ал эми наристе кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 19-июлда улантылат.