Тартип сакчылары Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан жигитти куткарып калышты

Бул маалыматты ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Артур Ашимбаев, милициянын старшинасы Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында 2023-жылдын 18-июль күнү саат 12:20 чамасында кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан.

Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болот.