ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги менен биргеликте Ысык-Көлдө жайкы сууга түшүү маалында алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу ведоствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, жайкы эс алуу учурунда жана сууга түшүүнүн кызыган мезгилинде ведомстволор аралык жумушчу топ “Суудагы жана жээктеги коопсуздук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.

e5b3c452 011f 4dab 96e7 6ddd04bdb7cd ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү


Ошентип, 18-июлда милиция кызматкерлери Чоң-Сары-Ой айылындагы “Алтын-Кум”, “Goodlake” пансионаттарын, “Барчын”, Жалын” жайкы балдар лагерлерин жана Өрнөк айылындагы боз үй шаарчаларын кыдырып, эс алуучу жарандарга сууда коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти. Милиция кызматкерлери тематикалык китепчелерди таратып, жээктеги эс алуучуларга жүрүм-турумдун негизги эрежелерин түшүндүрүп беришти.

e9dac562 1f6b 4335 95c8 f6da785324dc ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү


Мындан тышкары, Президенттин 2022-жылдагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык ведомстволор аралык жумушчу топ жээктердин санитардык жана экологиялык тазалыгынын сакталышын кошумча текшерип, айрым пансионаттар жана жеке сектордун ээлери тарабынан бул нормаларды сактоо боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
“Милиция кызматкерлери аларга аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча бир катар тапшырмаларды беришти.
Ведомстволор аралык жумушчу топ мындан ары эс алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарын бузууга жол бербөө, ошондой эле тыюу салынган жерлерде сууга түшпөө жана көл жээгинде эс алуу учурунда спирт ичимдиктерин ичүүнүн кооптуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин улантат.
Эскерте кетсек, коомдук жайларда, анын ичинде көл жээктеринде жана көлгө жакын жерлерде мас абалында жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

37bc529f 5bfe 430d 90ec 09411e188fcf ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
d0ebcc5b 8768 40f6 926f 593b2638f5e1 ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
6cccd341 518e 4b8e a14f a50a530935e4 ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
96299f71 c5c2 4968 aa89 163ac9c5ab51 ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
74adf36d cd8f 4da9 919b 4bfd62226ab8 ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү
4651f019 3135 45ee ae54 cbc574058fcc ИИМдин кызматкерлери көл жээгиндеги эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү