Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат

Президент Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан башка сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

img 1111 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

img 1115 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат
img 1113 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат
img 1112 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат
img 1110 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат
img 1116 Садыр Жапаров Жидда шаарында араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат