Кызыл-Кыяда “Өспүрүм-Эмгек” рейдинин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды

Кызыл-Кыя шаарында 2023-жылдын 12-14-июль  күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жайкы каникул убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү,  кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-Эмгек” аталышындагы иш-чара өткөрдү.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубдарда эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында түнкү-күндүзгү рейддерди уюштуруп, текшерүүгө алып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаш өспүрүм кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы