“Бир саат телефон тиктеп отурушат”: Жапаровдун айткандарын чет өлкөлүк басылмалар да жазды

“Биз, кыргыздар аябай жалкоо элбиз”, деп кечээ, 17-июлда президент Садыр Жапаров Транспорт министрлигине атайын техниканы тапшыруу иш-чарасында билдирген.

Иш-чарада сөз сүйлөп жатып Жапаров айылдагы жалкоолор тууралуу анекдот айтып берип, кыргыздар аябай жалкоо эл болорун айткан.

Муну россиялык ЖМКлар да чагылдырууда.

Президенттин айтымында, Бишкекте Ысык-Көл мейманканасынын ордуна салынып жаткан жаңы өкмөт үйү кыргызстандык курулушчулар жалкоолонуп, жай иштегендиктен өз мөөнөтүндө бүтпөй турган болууда. Ага байланыштуу алар Асман шаарын курууга келген 800 курулушчуну өкмөт үйүн бүткөрүүгө жардам берүү үчүн Бишкекте алып калышкан.

Бүгүн Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков курулуш тармагында миңдеген жумуш орундары бош турганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатат. Быйыл 204 мектептин курулушу башталды, анын жүздөйү ушул жылы бүтөт. Ар кандай социалдык обьектилер, жолдор, ГЭСтер, ипотекалык үйлөрдүн курулуштары бар. Жеке курулуш компаниялары дагы көп кабаттуу үйлөрдү курууда. Бир кезде Кыргызстанда жумуш орундары жок, элибиз чет өлкөгө кетип, курулушчу болуп иштешкен. Учурда бизге адам күчү жетишпей, курулуш тармагында эле миңдеген жумуш орундары бош. Төмөнкү видеодо кызматкерлер үчүн жумуш орундары сунушталды, айлык акылары 80 миң сомдун тегереги», — деди Орунбеков.

Ушул жерден суроо туулат: эмнеге Өкмөт иш жайнап турса да кыргыздар өз өлкөсүндө “жалкоолонуп иштебейт экен” деп, алга, күчкө толуп турган жаштарды Болгарияга, Түштүк Кореяга, Японияга Англияга, Германияга, Кувейтке, Сауд Арабиясына, Чехияга, Латвияга, Польшага ж.б. өлкөлөргө жалкоолонбой иштегенди үйрөнсүн деп, атайын программа аркылуу жер-жемиш тергенге, кеме курганга, үй салганга, мейманкана тазалаганга, фура айдаганга Акылбек Жапаров айткандай, эшелон-эшелон кылып жөнөтүп жатат?

361670647 6486501374726579 3458206295981795558 n "Бир саат телефон тиктеп отурушат": Жапаровдун айткандарын чет өлкөлүк басылмалар да жазды
361862274 6486486088061441 7063948777936279823 n "Бир саат телефон тиктеп отурушат": Жапаровдун айткандарын чет өлкөлүк басылмалар да жазды