УКМКнын жалган кызматкери бирөөнүн 150 миң сомдой акчасын алдап алган

Өзүн “УКМК кызматкеримин” деп тааныштырып, бирөөнүн 150 миң сомдой акчасын алдап алып, төлөбөй жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылган, ал арызда 2022-жылдын сентябрь айларында жаран өзүн «УКМК кызматкеримин» деп тааныштырып, алдоо жолу менен ишеничине кирип, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин «тааныштарым бар, акчалай кызматына бүтүрүп берем» деп жалпы 158 миң 100 сом акчасын алдоо жолу менен алып, алган акчасын пайдасына иштетип жиберген жаранга чара көрүүнү суранган.

Кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча тинтүү учурунда шектүүгө таандык болгон “Антикоррупциялык элдик көзөмөл” коомдук бирикмесине тиешелүү болгон күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн канчалык мыйзамдуу экенин тергөө аныктайт.