Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды чакыртып алууну сунуштады, – деп билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматы.


Маалыматка караганда, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демигечилерине аны чакыртып алууну сунуштады.


“Акыйкатчы институту аталган мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан.
Мандатка ылайык, Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинен КРнын Конституциясында каралган бирикмелерге биригүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана эл аралык укуктук нормаларды камсыздоону жактайт.
Акыйкатчы “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамынын (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы) жана КРнын Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана КРнын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады”,
деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт.