ВИДЕО: Ысык-Көлдөн он тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 115 күндө 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.

“115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды»,-деп жазылат маалыматта.

Эс алуу жайларын атай кетсек «Ак-Бермет» , «Рахат», «Алтын-Көл», «Эллинг», «Евразия» жана ден-соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.