Ысык-Көлдөн жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалап жатышкандарына 4 айдын жүзү болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда бул иш дагы да болсо уланып, 12-марттан бери жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды.

Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөттүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар сезондо көлдүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышат.

Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазало иши президент С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде масштабдуу түрдө башталган. Ага ылайык бир катар министрликтерден турган жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

355632924 650444903794906 6802362453751597522 n Ысык-Көлдөн жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды
355670877 650444773794919 2552745204573259363 n Ысык-Көлдөн жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды
355469562 650444733794923 4036016619096945582 n Ысык-Көлдөн жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды
355874961 650444937128236 5394933266295308096 n Ысык-Көлдөн жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды