Профессор: “Титаникке” барган кемеде кычкылтек түгөнүп калышы мүмкүн

Сиракуз университетинин профессору Джефф Карсон Атлантика океанына чөккөн “Титаник” кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кемеде кычкылтек түгөнүп же өтө аз калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Анын айтымында, “Титан” чакан кемесинин жайгашкан жерин белгисиз үндөрдөн жардамы менен аныктоо өтө көп убакытты талап кылат. Үндөрдөн булагы кыйынчылыкка дуушар болгон кеме болбошу мүмкүн экенин дагы кошумчалайт.

Джефф Карсондун маалыматында, 21-июнь кечке жуук кемедеги кычкылтек 12 саатка чейин кыскарган.

“Мага бул нерсени айтуу кыйын, бирок аларда кычкылтек түгөнүп же өтө аз болушу мүмкүн. Учурда экипаж стресс абалында. Алардын дем алуусу тездеп, кычкылтектин чоң көлөмү керектелет. 

Эгерде экспедиция мүчөлөрү көп укташса, кычкылтек аз сарпталат. Экипаждын кемеси бир жерге кыпчылып же алар эч нерсе кыла албай турган системада чоң катачылык кеткен болуусу ыктымал. Кеме кыпчылып калган болсо, суу астындагы роботтор аны бошото алышат”, – дейт ал. 

Эске салсак, 19-июнда Атлантика океанына чөккөн “Титаник” кемесинин урандыларын көрүү үчүн суу астына сапар алган экипаж мүчөлөрү 1 жарым сааттан кийин байланышка чыкпай калышкан. Анда 3 турист, 2 экипаж мүчөсү бар. 

Жеке экскурсиялар үчүн “Титан” аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. “Титаниктин” кыйраган жерине жеткен туристтик кемедеги жүргүнчүлөр чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулуп, турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

“Титаник” Канаданын Ньюфаундленд аралынан 600 чакырым алыстыкта, Атлантика океанынын түбүндө 3800 метр тереңдикте жайгашкан.