Комиссия Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берди 

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки гана эл өкүлү Гуля Кожокулова менен Фархад Алимджанов кесиптешин коргоп чыгышкан.

Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожогулова, Мурадил Садыков, Фархад Алимджанов, Мирлан Самойкожо кирет.

Бүгүн парламенттин координациялык кеңеши комиссиянын чечимин карап, маселени жыйынга алып чыгат.

Белгилей кетсек, депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден кайрылуу келип түшкөнүн билдирген.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылып жатканы белгилүү.