Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия корутунду чыгарат

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйын өткөрүүдө.

Маалыматка караганда, комиссиянын чечими бүгүн чыгары күтүлүп жатат.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште президентке жана анын айланасындагыларга кооптуу болгон Мадумаровдун кол тийбестиги алынарын жазып, мындай чечим “тигил жактан” чыкканын өкүнүчтүү экенин айткан.

a1c78571 b528 46ba ab5f 0a4e872d9fd9 Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия корутунду чыгарат

Эске салсак, 31- майда парламентке Башкы прокуратурадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөн.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.