УКМК: Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келинген тамеки аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 20-майында Сүлүктү шаарынын Кольцо участогунун аймагында, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Жаштык айылынын тургуну, 1983-жылы туулган КР С.К.Х. аттуу жаранын башкаруусунда В2297Е мам/номерлүү ВАЗ 21013 үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Маалыматка караганда, унааны текшерүү учурунда кабинадан 10 куту “Esse Change” тамекиси табылган, анын ар бир кутусу болжолдуу базар баасы боюнча 500 000 сомду түзгөн 50 блок тамекини (1 пачка тамекинин баасы 100 сом) түзөт. Алынган маалыматтарга ылайык, тамеки буюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн коңшу республикадан мыйзамсыз алынып келинген.
Ушул жылдын 20-июнунда С.К.Х. унаасын оңдоо үчүн Раззаков шаарын көздөй бара жаткан, “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанынан белгисиз адам аны токтотуп, 10 кутудан турган жүктү Раззаков шаарына 10 000 сомго жеткирип берүүнү суранган.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

89d65189 1f38 412e 8704 12c29de14a30 УКМК: Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келинген тамеки аныкталды

a0625de5 964f 4bea aa6b af4390ba90bc УКМК: Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келинген тамеки аныкталды