“Башы айланып калыптыр”: Атазов Байсалов мамлекетке чыккынчылык кылганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентке келгенде анын кофесине бир нерсе кошуп коюшкан окшойт. Башы айланып калыптыр. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Ал мамлекеттик этиканы бузду. Экинчиден, ал парламенттик башкарууну, депутаттарды шайлаган элдин добушун жокко чыгарып жатат. Анын аракеттерин мамлекеттик чыккынчылык катары караса болот. 

Эл өкүлдөрү вице-премьердин сүйлөгөн сөздөрүн кантип угуп отурабыз? Эл бизди шайлаганда, Байсалов келип, силерди мазактасын деп шайладыбы? Ал ким өзү? ЛГБТны колдогону ал өзүнчө тема. Ал парламентке шек келтирип, эки бийлик бутагынын ортосунда ажырым жаратып жатат”, – деди депутат Атазов.

Депутат Байсаловдун кызмат ордун кароону күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Төрага Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди. Ошондой эле, Байсаловдун кызмат орду бүгүн күн тартибине кирээрин баса белгиледи.

“Аталган маселе кайсы бир деңгээлде чечилген. Мындан трагедия кылып, анын кадырын көтөрүштүн кереги жок”, – деди Шакиев.