Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу кол коюлган жарлыкка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндөгү күбөлүктү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.
22-июнда Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алган.
![23177 1687518926 lg 1200x630 1 Эдил Байсаловго 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык чени ыйгарылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/23177_1687518926_lg-1200x630-1.jpg)