14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн деп айыпталгандын туугандары Өкмөт үйүнүн алдына чогулду

Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн деп айыпталгандардын бири Элдияр Бактияр уулунун жакындары Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугуу үчүн атайын Бишкекке келишкенин айтышты.

«Биз Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунан келдик. Кечээ президент Садыр Жапаровго жолугабыз деген үмүт менен келсек, Ысык-Көлдө экен. Түнү менен күтүп калдык, буюрса кабыл алат деген ойдобуз. Максатыбыз — Кыргызстанда адилеттүүлүк, мыйзам иштесе… Акты ак, караны кара деген соттор иштесе деген ойдо мамлекет башчыга кайрылуу жасап келдик»,-деди шектүүнүн тууганы.

367402793 1711746066010439 8383231930458678625 n 1 1024x768 1 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн деп айыпталгандын туугандары Өкмөт үйүнүн алдына чогулду