7 айда президенттин иш башкармалыгынын чыгымдары 800 млн сомдон ашты

Быйыл 7 айда президенттин иш башкармалыгынын чыгымдары 800 млн сомдон ашты. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы Каржы министрлигинин маалыматтарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 419 млн сом башкармалыктын кызматкерлерине маяна төлөөгө сарпталган, социалдык фондго чегерүүлөр 58 млн сомду түзгөн.

Андан кийин имараттарды карап-тейлегенге 83 млн сом, унаа жана жабдыктарга кеткен чыгымдар 53 млн сом болгон.

Ал эми коммуналдык кызматтарды төлөөгө 47,9 млн сом кеткен.