Өлкөнүн ӨКМ куткаруучулары Беларуста «Скала — 2023» машыгуусуна катышууда 

Беларуста Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүктөрүнүн биргелешкен аракеттерин координациялоону жогорулатууга багытталган “Скала – 2023” атайын машыгуусу өтүүдө.

КР ӨКМден билдиришкендей, ага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын куткаруучулары катышууда.

Аталган машыгууга Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары катышууда.

Атайын машыгуу ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча өтүп, анын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүмдөрү өзөктүк объектидеги аварияны жоюу, татаал өзгөчө кырдаалдарда биргеликте чара көрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, уюмга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы биргелешкен аракеттерин, тажрыйбасын жогорулаткан машыгуу Беларустун Борисов шаарында 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтүп жатат.