Пара менен кармалган Сатыбалдиева: Мени Ташиевдер “подстава” кылышты

Пара алуу менен кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева анын кармалышына Шаирбек Ташиев жана Камчыбек Ташиев атайын жасашканын айтты.

Сатыбалдиеванын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат, андыктан баарын айта албайт. Ошол эле учурда ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жана бир тууганы Шаирбек Ташиевдин аты аталышы керектигин айтты.

«Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам», — деди Сатыбалдиева.

4-ноябрга караган түнү журналисттин үйүндө тинтүү жүрүп, ИИМге алып кетишкен. Андан кийин, журналисттин боюнда бар болгондуктан, ооруканага алып барышкан. Дарыгердин «боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген тыянагына карабай, камакка алынган.

Ал эми Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы боюнча түшүндүрмө берген.