Камчыбек Ташиев: Башкаларда жок курал-жаракка ээ болдук

Кыргызстан акыркы эки жылда Куралдуу күчтөрүнө, аскердик техника жана курал-жарак сатып алууга 1 млрд доллар жумшады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта, Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндөгү төрөтканага капсула салуу иш-чарасында билдирди.

Ташиевдин айтымында, куралданууга ири каражаттын сарпталып жатканынын себеби — бирөөгө кол салуу эмес, тескерисинче өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу.

«Бүгүнкү күнү мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгү күчүндө экенин билесиздер. Акыркы эки жылда мамлекет 1 млрд долларды коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул биздин Куралдуу күчтөр, аларга алынып жаткан аскердик техника, курал-жарак жана башкалар. Биз мурдагыдай эмеспиз. Азыркы күнү башка мамлекеттерден кем калбай турган, башкаларда жок курал-жаракка ээ болдук. Мына азыр дагы алынууда. Анын негизги себеби, биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз. Элибиздин бир метр жерин да эч ким басып албасын, ага жол бербейбиз деген максатта жасап жатабыз. Ошондуктан бул жакка да көптөгөн каражаттар кетип жатат. Эң негизгиси элибиз тынч жашасын», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан акыркы эки жылда Bayraktar Akıncı, Bayraktar TB2, Aksungur учкучсуз учуучу аппараттарды, «Печора-2БМ» коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин жана башка аскердик техникаларды сатып алганы кабарланган.

332161549 594401779216949 4774471456440496584 n Камчыбек Ташиев: Башкаларда жок курал-жаракка ээ болдук
333903729 605552524763598 2479974935491190143 n Камчыбек Ташиев: Башкаларда жок курал-жаракка ээ болдук