Эки жүздөн ашуун мектеп директорунун ордуна сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги 222 мектеп директорунун ордуна сынак жарыялады.

Бишкек шаарында 7 мектеп директорунун орду бош, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67.

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.