Ысык-Көлдө боз үйлөрдүн кароо-сынагы башталды

Ысык-Көл облусунда “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Иш-чара 15-16-июль күндөрү боз үйлөрдүн мекени болгон Кызы-Туу айылында өтөт.

Фестиваль боз үй жасоодогу салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу, аймактар арасындагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу максатын көздөйт.

Иш-чаранын алкагында концерттик программа жана төкмө акындар арасында “Айтыш” сынагы өтөт.

Кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:

• “Кан боз үй”;
• “6 канат боз үй”;
• “Тарыхый жасалгалуу боз үй”;
• “Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү”;
• “Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү”;
• “Тал аарчуу”;
• “Чий согуу” багыттары.

Сынактардын бекитилген жобосуна ылайык, ага түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер ж.б. каалоочулар катыша алышат.

Сынактын шарттары:

“Кан боз үй” кароо-сынагы:
• “Кан боз үй” кароо-сынагына 100 баш боз үй тигилүүсү шарт;
• боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу керек.

“6 канат боз үй” кароо-сынагы:
• “6 канат боз үй” кароо-сынагына 80 баштуу боз үйлөр тигилет;
• боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу шарт.

“Тарыхый жасалгалуу боз үй” кароо-сынагы:
• Боз үйдүн көлөмүнө чектөө жок жана анын сөөгүнө бир кылым же андан ашык болушу шарт;
• Ички, тышкы жасалгалары менен толук сакталган боз үй калыстар тобу тарабынан эске алынат.

“Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү” кароо-сынагы:
• жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү сынагына тигилүүчү боз үй 70 баш салттуу кыргыз боз үйү жана тайпада 6 жигит болуусу шарт;
• Толук боз үйдү тигип бүткөн тайпа калыстар тобуна маалымат берип, убактысы жазылат;
• боз үйдүн жабдыктары жетишсиз, боолору байланбай, уук толук сайылбаса же уук түшүп кеткен болсо же жабдыктары кичинекей болгон учурда эсеп кемитилет;
• тигилген боз үйдүн көлөмү 5,5 метр болушу керек;
• боз үйдү ыкчам жана туура тиккенине жараша калыстар тобу акыркы чечимди чыгарат;

“Шамдагай – кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү” кароо-сынагы:
• Кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү кароо-сынагына катышуучу тайпада 5 кыз 1 жигиттен туруусу шарт;
• чечилүүчү боз үй 70 баш болушу керек;
• Жигит түндүктү гана кармап, башка ишке аралашпайт;
• Кыздар боз үйдү толук чечип, ууктарын төрт таңгакка бөлүп, үзүк, туурдуктарын бүктөп -таңып, бир жерге жыйнап, түндүк бастырылгандан кийин убакыт калыстар тобу тарабынан эсепке алынып, убактысы катталат;
• жигит боз үйдүн жабдыктарын чечүүгө катышса, тайпанын упайы кемитилет;

“Тал аарчуу” кароо-сынагы:
• Тал аарчуу кароо-сынакка баардык каалоочулар катыша алат;
• сынакка катышуучулардын тал аарчууга керектүү өздүк шаймандары (теси) болушу шарт;
• ар бир катышуучу 5 метр болгон талдан 10 даананы аарчып бүтүрүшү милдеттүү жана талдын таза жана тез аарчылышы эске алынат.
• катышуучулар, сынакта аарчылуучу талдарды өздөрү алып келет.

“Чий согуу” кароо-сынагы:

• сынакка чий сокконду билген адамдар катыша алат;
• ар бир катышуучунун чий согууга керектүү шаймандары (станок), чыйратылган жиптери, түстүү жүндөрү жана чийлери өзүнүкү болуусу шарт;
• согулуучу чийдин эскизи уюштуруучулар тарабынан берет;
• чийди согууда эриш жиптердин аралыгы 6-8 см, чийдин туурасы 1,20 см жана узундугу 1,50 см болушу шарт;
• чий согууга 4 саат убакыт берилет.

Берилген тапшырманы (эскизди) толук, так, түстөрүн туура айкалышы жана жиптердин жыш жайгашыш эске алынат.

Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат.

Шарттары жана эскертүү
• Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан каржыланат;
• катышуучулар кароо-сынактарга керектүү шаймандарын жана тал, жүн, чий, жиптерин өздөрү камсыздайт;
• кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы тосуп алган тараптан каржыланат.
• Синтетикалык буюмдарды колдонууга тыюу салынат.