Кыргыздын эки хан боз үйү «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна тапшырылды

30-августта Чикагодо кыргыздын эки хан боз үйүн «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Садыр Жапаров тарабынан белекке берилген.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.