Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлерлер кыргызстандыктарды кабыл алып, кеп-кеңештерин берет

17-18-июль күндөрү Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер тобу кыргызстандыктарды кабыл алып, кеп-кеңештерин берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, мындай акция КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кореянын элчилигинин колдоосу менен ишке ашууда.

“СеулАсан” госпиталынын дарыгерлери төмөндөгү багыттар боюнча карашат:

Офтальмология;

Оториноларингология;

Гастроэнтерология;

Терапия;

Кардиология;

Аллергология;

Стоматология;

Жалпы хирургия;

Көкүрөк хирургиясы;

Пластикалык хирургия;

Педиатрия.

Консультация алууну каалагандар саат 8:00дөн 17:00гө чейин Улуттук госпиталдын көчмө клиникасына кайрылса болот. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 (Урология борборунун артында).

Кабыл алуу жана консультация төмөнкү телефондор боюнча жазылуу менен жүргүзүлөт: 09908004830557191919.