Айрым аймактарда 1-4-октябрга чейин катуу жаан-чачын күтүлөт

Өлкөнүн айрым аймактарында 1–4-октябрга чейин катуу жаан-чачын жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” кызматы билдирет.

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштайт. Ошондой эле жарандарды сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырат.