
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай аракеттер үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.
Оңдоп-түзөө, кайтаруу жана керектүү чарбалык товарларды сатып алууга каражаттар милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөрү белгиленген.
Ошентип, 2026-жылы республикалык бюджеттен чарбалык жана кеңсе товарларын сатып алууга 205,5 миллион сом, ал эми кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 404,8 миллион сом бөлүнгөн.
Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу мектептердеги бейрасмий чогултуулардын суммасы 2,5 миллиард сомго жетерин билдирген.
Анын айтымында, өлкөдө Конституция боюнча билим берүү акысыз экенине жана Кыргызстан Президентинин мектептерде бардык чогултууларга тыюу салуу жөнүндө жарлыгы бар экенине карабастан, бардыгына акча сурашат.






